# 57-статья. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышы

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 20.06.2025 [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287) (күчүнө кире элек); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111661)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=34528..34610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 57-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-57

---

1. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышы директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан анын өзүнүн демилгеси менен же төмөндөгүлөрдүн талаптары боюнча чакырылат:

- коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн);

- коомдун ички аудит кызматынын (ички аудиторунун) же аудитордук уюмдун;

- коомдун аткаруу органынын же коомдун уставы менен аныкталган башка адамдардын;

- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар боюнча мыйзамдарынын бузулушу аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын.

Директорлор кеңешинин жыйналышы зарылчылыгына карата, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышын чакыруу жана аны өткөрүү тартиби коомдун уставы же коомдун ички документи менен аныкталат. Коомдун уставында коомдун директорлор кеңешинин чечимин сырттан добуш берүү (суроо-жооп жолу менен) аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралышы ыктымал.

2. Коомдун директорлор кеңешинин жыйынын өткөрүү үчүн кворум коомдун уставы менен аныкталат, бирок коомдун директорлор кеңешинин шайланган мүчөлөрүнүн санынын жарымынан кем эмес болууга тийиш.

Ачык компаниянын директорлор кеңешинин жыйынында милдеттүү түрдө директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмес санда болууга тийиш. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны коомдун уставында каралган сандын жарымынан аз болгон учурда коомдун директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо үчүн коом акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууга милдеттүү. Коомдун директорлор кеңешинин калган мүчөлөрү акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жана даярдоо жөнүндө гана чечим кабыл алууга укуктуу.

3. Эгерде ушул Мыйзамда, коомдун уставында же директорлор кеңешинин жыйналышын чакыруу жана өткөрүү тартибин аныктоочу ички документинде башкасы каралбаса, коомдун директорлор кеңешинин жыйналышынын чечими акционерлердин жалпы чогулушунда шайланган директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынат. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышында маселелерди чечүү учурунда коомдун директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот.

Коомдун директорлор кеңешинин бир мүчөсүнүн добушун коомдун директорлор кеңешинин башка мүчөсүнө өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Коомдун уставында коомдун директорлор кеңеши тарабынан чечим кабыл алууда коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн добуштары бирдей болуп калган учурда директорлор кеңешинин төрагасынын добушу чечүүчү добуш боло тургандыгы каралышы мүмкүн.

4. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышында протокол жазылат. Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколу ал өткөрүлгөндөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен жазылат. Жыйналыштын протоколунда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- аны өткөргөн жери жана убактысы;

- жыйналыштын күн тартиби;

- жыйналышка катышкан адамдардын тизмеси;

- добушка коюлган маселелер жана алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары;

- директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер.

Коомдун директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколуна жыйналышка төрагалык кылган адам жана катчы кол коюшат жана алар протоколдун туура жазылгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 154, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-58)
