# 56-статья. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1528)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282896..1282883>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 56-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-56

---

1. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан өздөрүнүн ичинен директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгү менен шайланат.

Коомдун директорлор кеңеши каалаган учурда директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгү менен өзүнүн төрагасын кайрадан шайлап алууга укуктуу.

2. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы анын ишин уюштурат, коомдун директорлор кеңешинин жыйналыштарына чакырат жана ага төрагалык кылат, коомдун жыйналыштарында протоколдун жазылышын уюштурат.

3. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы жок болгон учурда, анын милдеттерин буга коомдун директорлор кеңеши тарабынан ыйгарым укук берилген директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бири аткарат.

(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-55)  
Кийинки берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-57)
