# 53-статья. Коомдун директорлор кеңеши

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 53-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-53

---

Ушул Мыйзам менен акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына киргизилген маселелерди кошпогондо, директорлор кеңеши коомдун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө алардын өз милдеттерин аткарып жаткан мезгилине сыйакы төлөнүшү жана алардын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууга байланышкан чыгымдары компенсацияланышы мүмкүн. Мындай сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмү акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-52)  
Кийинки берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-54)
