# 52-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколу

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 52-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-52

---

1. Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколу акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөндөн кийин 15 күндөн кечиктирилбестен үч нускада түзүлөт, алардын бири акционерлердин бул чогулушун тейлеген көз карандысыз реестр кармоочуда сакталууга тийиш. Бардык нускаларга акционерлердин жалпы чогулушунда төрагалык кылган адам, акционерлердин жалпы чогулушунун катчысы кол коет жана коомдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

2. Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколунда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- акционерлердин жалпы чогулушунун өткөн жери жана убактысы;

- коомдун добуш берүүчү акцияларына ээлик кылган акционерлер ээ болгон добуштардын жалпы саны;

- чогулушта добуш берүүгө катышкан акционерлер ээ болгон добуштардын саны;

- чогулуштун төрагасы (президиуму) жана катчысы, чогулуштун күн тартиби.

Коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун протоколунда сүйлөнгөн сөздөрдүн негизги жоболору, добуш берүүгө коюлган маселелер жана алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, чогулуш кабыл алган чечимдер камтылууга тийиш. Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколун сактоо тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-51)  
Кийинки берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-53)
