# 51-статья. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 51-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-51

---

1. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, ага эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коюшат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол кеминде үч нускада түзүлөт, алардын бири акционерлердин бул чогулушун тейлеген көз карандысыз реестр кармоочуда сакталат.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин добуш берүү үчүн бюллетендери эсептөө комиссиясы тарабынан мөөр басылат жана сактоого коомдун архивине тапшырылат.

3. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол акционерлердин жалпы чогулушунун протоколуна кошо тиркелүүгө тийиш.

4. Добуш берүүнүн жыйынтыктары акционерлердин добуш берүү жүргүзүлгөн жалпы чогулушунда жарыяланат.

---

Мурунку берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-50)  
Кийинки берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-52)
