# 50-статья. Добуш берүү үчүн бюллетендер менен жүргүзүлүүчү добуш берүү учурунда добуштарды эсептөө

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 50-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-50

---

Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча добуш берүү үчүн өзүнчө бюллетень колдонулат. Добуш берген адамдын добуш берүүнүн мүмкүн болгон варианттарынын бирине гана калтырган добуштар эсептелет. Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бузуу менен толтурулган добуш берүү бюллетени жараксыз деп табылат жана аларда камтылган маселелерге берилген добуштар эсепке алынбайт. Добуш берүү үчүн бюллетендерди сактоо тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-51)
