# 5-статья. Коомдун филиалдары менен өкүлчүлүктөрү

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 5-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-5

---

1. Коом ушул Мыйзамдын жана дагы башка мыйзамдардын талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды түзүп жана өкүлчүлүктөрдү ача алат.

Коом Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде филиалдарды түзүүнү жана өкүлчүлүктөрдү ачууну, мындан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимде башкасы каралбаса, ал филиалдар менен өкүлчүлүктөр турган жердеги чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.

2. Филиал менен өкүлчүлүк юридикалык жак болуп саналбайт, коом бекиткен жобонун негизинде иштейт. Филиал менен өкүлчүлүк аларды түзгөн коомдун мүлкүнө ээ, алар коомдун балансында тургандай эле өзүнчө айрым баланс катары да эсептелет.

Филиалдар менен өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери коом тарабынан дайындалат жана коом берген ишеним каттын негизинде иштейт.

3. Филиалдар менен өкүлчүлүктөр аларды түзгөн коомдун атынан иш жүргүзөт. Филиалдар менен өкүлчүлүктөрдүн иши үчүн аларды түзгөн коом жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-6)
