# 49-статья. Добуш берүү үчүн бюллетень

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=34528..34610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 49-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-49

---

1. Чогулуштун күн тартибинин маселелери боюнча акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү добуш берүү үчүн бюллетендер менен жүргүзүлөт.

2. Добуш берүү үчүн бюллетендин мазмуну коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) тарабынан бекитилет. Добуш берүү үчүн бюллетень акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу үчүн катталган акционерге (анын өкүлүнө) берилет, буга сырттан добуш берүү өткөрүү учурлары кирбейт.

3. Добуш берүү үчүн бюллетенде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

- коомдун аталышы;

- акционерлердин жалпы чогулушу өтө турган жер, күнү жана убактысы;

- добуш берүүгө коюлган ар бир маселенин жазылышы жана анын каралыш кезеги;

- добуш берүүгө коюлган ар бир маселе боюнча добуш берүүнүн "макул", "каршы" же "калыс" деген сөздөр менен жазылган варианттары.

Коомдун директорлор кеңешинин,ички аудит кызматынын (ички аудитордун) же коомдун аткаруу органынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө маселе боюнча добуш берүү өткөргөн учурда добуш берүү үчүн бюллетенде талапкер (талапкерлер) тууралу маалыматтар камтылууга тийиш, мында анын аты-жөнү көрсөтүлөт. Добуш берүү үчүн бюллетендин формасы добуш берүүгө коюлган ар бир маселе боюнча болгон добуштардын ар кандай саны менен өз-өзүнчө добуш берүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-48)  
Кийинки берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-50)
