# 47-статья. Акционерлердин жалпы чогулушуна акционерлердин катышуусунун тартиби

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1528)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282896..1282883>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 47-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-47

---

Акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу укугун акционер жеке өзү, ошондой эле өзүнүн өкүлү аркылуу тике ашырат. Акционер каалаган учурда акционерлердин жалпы чогулушундагы өз өкүлүн алмаштырууга же акционерлердин жалпы чогулушуна жеке өзү катышууга укуктуу. Акционерлердин жалпы чогулушундагы акционердин өкүлү Кыргыз Республикасынын ммйзамдарынын же буга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын же жазуу жүзүндө түзүлгөн ишеним каттын көрсөтмөлөрүнө негизделген ыйгарым укуктарга ылайык иш жүргүзөт. Добуш берүүгө ишеним кат келген адам жана өкүл жөнүндөгү (аты же аталышы, жашаган жери же жайгашкан жери, паспорт маалыматтары) маалыматтарды камтууга тийиш. Акционерлердин - жеке жактардын ишеним катка койгон колдорунун аныктыгы көз карандысыз реестр кармоочу, же болбосо нотариус же нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу башка жактар тарабынан күбөлөндүрүлөт. Акционер өзүнө таандык болгон акциялардыи бүткүл пакетине, ошондой эле анын ар кандай бөлүгүнө ишеним кат бере алат, ошентип, ишеним кат бир, ошондой эле бир нече мыйзамдуу өкүлдөргө берилиши мүмкүн. Акционердин атынан добуш берүүгө катышууга ишеним кат коомдун аткаруу кызмат адамдарына берилбейт. Кыргыз Республикасынын резиденти болбогон акционерлер берген добуш берүү ишеним каты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулууга тийиш. Коомдун жалпы чогулушун директорлор кеңешинин төрагасы же директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бири, же аткаруу органдын (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) жетекчиси ачат. Добуш берүүгө катышуучулар ачык добуш берүү менен чогулуштун төрагасын шайлашат, андан ары чогулушту шайланган төрага алып барат.

2. Тизме түзүлгөн күндөн кийин жана акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү күнүнө чейин акция берилген учурда, акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укуктуу акционерлердин тизмесине киргизилген адам, ошондой эле коомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону жүзөгө ашырган адам акция алган адамга, анын акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу укугу бар экенин кабарлоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн эреже акцияны өткөрүп берүүнүн андан кийинки ар бир жолку учуруна да колдонулат.

3. Эгерде коомдун акциясы бир нече жактын жалпы үлүштүк менчигинде турса, анда акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү боюнча ыйгарым укуктарды алардын каалоосу боюнча жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын бири же алардын жалпы өкүлү ишке ашырат. Аталган адамдардын ар биринин ыйгарым укуктары талаптагыдай жол-жоболоштурулууга тийиш.

(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-46)  
Кийинки берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-48)
