# 46-статья. Эсептөө комиссиясы

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=34528..34610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 46-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-46

---

1. Коомдун добуш берүүчү акцияларына ээ болгон акционерлердин саны 3төн көбүрөөк болгон акционердик коомдо эсептөө комиссиясы түзүлөт, анын саны жана жекече курамы коомдун директорлор кеңешинин сунушу боюнча акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилет.

2. Эсептөө комиссиясынын курамы үч адамдан аз болбойт. Эсептөө комиссиясынын курамына коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү, ички аудит кызматынын мүчөлөрү (ички аудитор, коомдун аткаруу органынын мүчөлөрү, ага тете башкаруучу уюм же башкаруучу адам, ошондой эле талапкерлер тарабынан ушул кызматка көрсөтүлгөн адамдар кирбейт.

3. Эсептөө комиссиясынын курамына көз карандысыз реестр кармоочунун өкүлү кирүүгө тийиш.

4. Акционерлердин жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясы жалпы чогулушта акционерлер (алардын өкүлдөрү) добуш берүү укугун ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан маселелерди, добуш берүүгө коюлган маселелер боюнча добуш берүү тартибин түшүндүрөт, добуш берүүнүн белгиленген тартибин жана добуш берүүгө катышууга акционерлердин укугун камсыз кылат, добуштарды эсептейт жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, шайлоо үчүн берилген бюллетендерди архивге өткөрүп берет.

(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-47)
