46-статья. Эсептөө комиссиясы
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Коомдун добуш берүүчү акцияларына ээ болгон акционерлердин саны 3төн көбүрөөк болгон акционердик коомдо эсептөө комиссиясы түзүлөт, анын саны жана жекече курамы коомдун директорлор кеңешинин сунушу боюнча акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилет.
2. Эсептөө комиссиясынын курамы үч адамдан аз болбойт. Эсептөө комиссиясынын курамына коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү, ички аудит кызматынын мүчөлөрү (ички аудитор, коомдун аткаруу органынын мүчөлөрү, ага тете башкаруучу уюм же башкаруучу адам, ошондой эле талапкерлер тарабынан ушул кызматка көрсөтүлгөн адамдар кирбейт.
3. Эсептөө комиссиясынын курамына көз карандысыз реестр кармоочунун өкүлү кирүүгө тийиш.
4. Акционерлердин жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясы жалпы чогулушта акционерлер (алардын өкүлдөрү) добуш берүү укугун ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан маселелерди, добуш берүүгө коюлган маселелер боюнча добуш берүү тартибин түшүндүрөт, добуш берүүнүн белгиленген тартибин жана добуш берүүгө катышууга акционерлердин укугун камсыз кылат, добуштарды эсептейт жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, шайлоо үчүн берилген бюллетендерди архивге өткөрүп берет.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…комиссиясынын курамына коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү, алынып салынды: текшерүү комиссиясынын кошулду: ички аудит кызматынын мүчөлөрү алынып салынды: (текшерүүчү), кошулду: (ички аудитор, коомдун аткаруу органынын мүчөлөрү, ага тете башкаруучу уюм же … түзөт, шайлоо үчүн берилген бюллетендерди архивге өткөрүп берет.
кошулду: (КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-46" title="46-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>