# 45-статья. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111661); 13.04.2012 [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203639)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=34528..34610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 45-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-45

---

1. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу коомдун директорлор кеңешинин же аткаруу органынын (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) чечими менен төмөндөгүдөй негиздерге таянып өткөрүлөт:

- жеке өзүнүн демилгеси менен;

- коомдун аткаруу органынын талабы менен;

- коомдун добуш берүүчү акцияларынын кеминде 10 пайызынын ээси болушкан акционердин (акционерлердин) талабы менен;

- коомдун ички аудит кызматынын (ички аудитордун) талабы менен;

- баалуу кагаздар боюнча мыйзамдар бузулган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын талабы менен.

Чечимде акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүнүн түрү (ачык же сырттан добуш берүү) аныкталууга тийиш. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын талаптары акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү түрүн көрсөтүүнү камтыса, коомдун директорлор кеңеши аны өткөрүү түрүн өз чечими менен өзгөртүүгө укуксуз. Сырттан добуш берүү түрүндөгү (суроо-жооп жолу менен) акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө коомдун директорлор кеңешинин чечиминде төмөндөгүлөр аныкталууга тийиш:

- добуш берүү үчүн бюллетендин мазмуну;

- добуш берүү үчүн бюллетендерди акционерлерге берүү күнү жана ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын жана коомдун уставынын талаптарына ылайык башка маалыматтар (материалдар);

- коомдун добуш берүү үчүн бюллетендерди кабыл алууну аяктаган күнү.

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү тууралу чечим кабыл алынган учурдан тартып 45 күндөн кечиктирилбестен коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) тарабынан ишке ашырылат.

2. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө талапта чогулуштун күн тартибине киргизиле турган маселелер аларды киргизүүнүн жүйөсү көрсөтүлүү менен жол-жоболоштурулууга тийиш.

Коомдун директорлор кеңеши ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын талабы боюнча чакырылып жаткан акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун күн тартибиндеги маселелердин жол-жоболоштурулушуна өзгөртүү киргизүүгө укуксуз.

3. Эгерде акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу тууралу талап акционерден (акционерлерден) келип чыкса, ал анын аты-жөнүн (аталышын), ага таандык болгон акциялардын санын, категорияларын камтууга тийиш.

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө талапка акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылган адам (адамдар) кол коет. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун чакырылышына түрткү болгон акционер (акционерлер) чогулуш аяктаганга чейин өзүнүн акциясын ажыратып алууга укуксуз.

4. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар кезексиз жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө талап койгон күндөн тартып 10 күндүн ичинде коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу тууралу же чакыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.

Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын талабы боюнча акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруудан баш тартуу тууралу чечим төмөндөгүдөй учурларда гана кабыл алынышы мүмкүн:

- чогулушту чакыруу жөнүндө талап коюунун ушул Мыйзамда белгиленген тартиби сакталбаганда;

- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылган акционер (акционерлер) коомдун добуш берүүчү акцияларынын 10 пайызына ээ болбосо;

- коомдун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун күн тартибине киргизүү үчүн сунуш кылынган маселелердин бири да анын компетенциясына кирбесе;

- күн тартибине киргизүү үчүн сунуш кылынган маселе ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе.

5. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу же аны чакыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим аны чакырууну талап кылган адамдарга ал кабыл алынган учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен жиберилет.

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруудан баш тартуу жөнүндө чечим сотко даттанылышы мүмкүн.

6. Эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн ичинде коомдун

директорлор кеңеши же аткаруу органы тарабынан (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн ишти жүзөгө ашырса) акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынбаса же аны чакыруудан баш тартуу тууралуу жүйөлөштүрүлбөгөн чечим кабыл алынса, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн анын чакырылышын талап кылган жактар, акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду аргасыз кылуу жөнүндө талаптар менен баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.

7. Эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн ичинде коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы тарабынан (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн ишти жүзөгө ашырса) акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынбаса же аны чакыруудан баш тартуу тууралуу жүйөлөштүрүлбөгөн чечим кабыл алынса, акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду аргасыз кылуу жөнүндө чечимди кабыл алууга баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун укугу бар.

Баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду аргасыз кылуу жөнүндө чечиминде аны өткөрүүнүн мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлөт. Баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечимин аткаруу акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу менен кайрылган жана аны талап кылган жакка, же болбосо анын өтүнүчү боюнча коомдун органына же алар макул болгон шартта башка жакка жүктөлөт. Коомдун директорлор кеңеши (байкоочу кеңеши) мындай орган боло албайт. Мында баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечимине ылайык акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрө турган коомдун органы же жак бул чогулушту чакыруу жана өткөрүү үчүн зарыл болгон ушул Мыйзамда каралган баардык укуктарга жана ыйгарым укуктарга ээ болот. Эгерде баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечимине ылайык акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу менен кайрылган жана аны талап кылган жак акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрсө, анда бул чогулушту даярдоого жана өткөрүүгө жумшалган чыгымдардын орду акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун каражаттарынын эсебинен толтурулушу мүмкүн.

8. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду аргасыз кылуу жөнүндө чечимди аткаруу жүктөлгөн жактын талабы боюнча коомдун акционерлеринин реестрин кармоочу акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүнү акционерлерге жөнөтүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аларды каттоону жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүүгө коомду аргасыз кылуу жөнүндө чечимди аткаруу жүктөлгөн жактын талабы боюнча коомдун акционерлеринин реестрин кармоочунун акционерлерге билдирүү жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү боюнча көрсөткөн кызматына акы төлөөнүн өлчөмү, почта аркылуу материалдарды жөнөтүү жана акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн зарыл болгон чыгымдар менен байланышкан чыгымдарды төлөө суммасынан ашпашы керек.

9. Эгерде акционерлердин жылдык жалпы чогулушу ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө чакырылбаса жана өткөрүлбөсө, ушул статьянын 6-8-пункттарында каралган эрежелер ага карата да колдонулат.

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-46)
