# 44-статья. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 44-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-44

---

Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүүдө коомдун директорлор кеңеши төмөндөгүлөрдү аныктайт:

- акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү күнүн, ордун жана убактысын;

- акционерлердин каттоо башталган жана аякталган убактысын;

- акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибин;

- акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укуктуу болушкан акционерлердин тизмеси түзүлгөн күндү;

- акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө акционерлерге билдирүү тартибин;

- акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге берилүүчү маалыматтын (материалдардын) тизмесин;

- добуш берүү үчүн бюллетендердин мазмунун.

Чогулуш башталганга чейинки акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу үчүн келишкен акционерлерди каттоого бөлүнгөн убакыт бир сааттан ашпайт.

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-45)
