# 42-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 20.06.2025 [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287) (күчүнө кире элек)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=34528..34610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 42-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-42

---

1. Ачык коомдун акционерлерине акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тууралу билдирүү аларга жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жана маалыматты басма сөзгө жарыялоо жолу менен ишке ашырылат.

2. Жабык коомдун акционерлерине акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тууралу билдирүү аларга жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен ишке ашырылат.

Коом акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө акционерлерге массалык маалыматтын дагы башка каражаттары (телекөрсөтүү, радио) аркылуу кошумча билдирүүгө укуктуу.

3. Жабык коом акционерлердин жалпы чогулушун өткөргөнгө чейин 10 күндөн кечиктирбестен аны өткөрүү тууралу билдирүүгө милдеттүү.

Ачык коом акционерлердин жалпы чогулушун өткөргөнгө чейин 20 күндөн кечиктирбестен аны өткөрүү тууралу акционерлерге билдирүүгө милдеттүү. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланууга тийиш.

4. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүү төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

- акционерлердин жалпы чогулушунун аталышын, аны өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун;

- акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмесинин түзүлгөн күнүн;

- акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибин;

- акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге бериле турган маалымат (материалдар) менен акционерлерди тааныштыруу тартибин.

5. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге бериле турган маалыматка (материалдарга) төмөндөгүлөр кирет:

- коомдун финансы-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчету;

- коомдун финансы-чарбалык ишин жылдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча коомдун ички аудит кызматынын (ички аудитордун) (текшерүүчүнүн) жана аудитордук уюмдун корутундусу;

- коомдун директорлор кеңешине талапкерлер жөнүндө маалыматтар;

- коомдун аткаруу органына жана ички аудит кызматына (ички аудиторуна) талапкер тууралу маалыматтар, эгерде алар акционерлердин жалпы чогулушунда шайлана турган болсо;

- коомдун уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоору же коомдун жаңы редакциядагы уставынын долбоору.

Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге милдеттүү түрдө бериле турган кошумча маалыматтын (материалдардын) тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомдун уставы менен белгилениши мүмкүн.

6. Эгерде акциялардын номиналдык кармоочусу коомдун акционерлеринин реестринде катталган жак болуп саналса, акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүү акциялардын номиналдык кармоочусуна жиберилет. Акциялардын номиналдык кармоочусу аны өзүнүн кардарларына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же кардар менен түзүлгөн келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө жеткирүүгө милдеттүү.

7. Акционерлердин жалпы чогулушуна катыша турган акционерлердин тизмеси түзүлгөн күндөн кийин акционерлердин реестрине кирген акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тууралу малыматты акционерлерге бербегени үчүн коом жоопкерчилик тартпайт.

8. Бир акционерден турган коомго акционерлерди кабардар кылуу, акционерлердин жалпы чогулушуна даярдык көрүү, кворумду аныктоо жол-жоболору, акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү жана добуштарды эсептөө боюнча ушул Мыйзамдын талаптары жайылтылбайт. Мындай коом Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кабыл алынган чечимди жазуу жүзүндө жол-жоболоштурууга милдеттүү.

(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-43)
