# 40-статья. Сырттан добуш берүү өткөрүү жолу менен (суроо-жооп жолу менен) кабыл алынуучу акционерлердин жалпы чогулушунун чечими

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 40-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-40

---

1. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими сырттан добуш берүү өткөрүү жолу менен (суроо-жооп жолу менен) кабыл алынышы мүмкүн. Сырттан добуш берүү өткөрүү жолу менен (суроо-жооп жолу менен) жалпы чогулушту өткөрүү тартибине талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн.

Ушул Мыйзамдын 38-статьясынын 1-пунктундагы 2-4, 9, 11, 16, 22-пунктчаларында көрсөтүлгөн маселелер боюнча акционерлердин жалпы чогулушунун чечими сырттан добуш берүү өткөрүү жолу менен (суроо-жооп жолу менен) кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2. Эгерде добуш берүүгө коомдун добуш берүүчү акцияларынын бардыгы болуп 60 пайызынан кем болбогон акционерлер катышса, акционерлердин жалпы чогулушунун сырттан добуш берүү жолу менен (суроо-жооп жолу менен) кабыл алынган чечими жарактуу деп эсептелинет.

3. Сырттан добуш берүү добуш берүү үчүн бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. Акционерлерге добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү күнү коом бюллетендерди кабыл алууну аяктаганга чейин 30 күндөн кечиктирилбестен белгиленүүгө тийиш.

4. Сырттан добуш берүү өткөрүүдө коомго акционерлер бере турган бюллетендер нотариуста же бул коомдун акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону ишке ашыруучу көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

5. Добуш берүүнүн жыйынтыктары чечим кабыл алынгандан кийин 30 күндөн кечиктирилбестен акционерлерге билдирилет.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-41)
