# 4-статья. Коомдун аталышы жана турган жери

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 4-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-4

---

1. Коомдун өзүнүн фирмалык аталышы болот, анда анын уюштуруу-укуктук түрү менен тиби (жабык же ачык) жана анын ишинин мүнөзү камтылууга тийиш.

Коом кыргыз жана орус тилдериндеги толук жана кыскартылган аталышка ээ болууга милдеттүү жана чет тилдерде жана Кыргыз Республикасынын элдеринин тилдериндеги толук жана кыскартылган аталышка ээ болууга укуктуу. Фирмалык аталышы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте катталган коом аны пайдалануу жагынан өзгөчө укукка ээ болот.

2. Башка мыйзамдарга ылайык коомдун уставында башкасы каралбаса, коомдун турган жери ал мамлекеттик каттоодон өткөн жер менен аныкталат.

3. Коомдун өзүнүн байланышын ишке ашыра турган почта дареги болууга тийиш жана өзүнүн почталык дарегинин өзгөргөндүгү тууралу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү органдарга, ошондой эле коомдун баалуу кагаздарын чыгарышын каттап туруу органдарга кабарлоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-5)
