# 37-статья. Акционерлердин жалпы чогулушу

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.06.2025 [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287) (күчүнө кире элек); 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=13459..34528>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 37-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-37

---

1. Акционерлердин жалпы чогулушу коомду башкаруунун жогорку органы болуп саналат.

Коом коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) тарабынан белгилене турган мөөнөттө жыл сайын акционерлердин жалпы чогулушун (акционерлердин жылдык жалпы чогулушун) өткөрүп турууга милдеттүү, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен. Жылдык чогулуштан тышкары өткөрүлгөн акционерлердин жалпы чогулуштары кезексиз болуп саналат. Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизүү менен жана/же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланышкан өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен акционерлердин жылдык жалпы чогулуштарын өткөрүүнүн башка мөөнөтү белгилениши мүмкүн.

2. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүчү күн жана тартиби, аны өткөрүү тууралу акционерлерге билдирүү тартиби, акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге берилүүчү материалдардын (маалыматтын) тизмеси ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык директорлор кеңеши тарабынан белгиленет.

(КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2023-жылдын 16-февралындагы № 33, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-38)
