# 36-статья. Коомду башкаруу органдары

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 16.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об акционерных обществах", "О хозяйственных товариществах и обществах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112518); 11.05.2009 [Закон КР от 11 мая 2009 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202635)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=34528..34610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 36-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-36

---

1. Акционердик коомдун башкаруу органдары болуп төмөндөгүлөр саналат:

1) акционерлердин жалпы чогулушу - башкаруунун жогорку органы;

2) директорлор кеңеши - акционерлердин жалпы чогулуштарынын ортосунда коомго жалпы жетекчиликти ишке ашырган акционердик коомдун башкаруу органы;

3) аткаруу органы - коомдун учурдагы ишине жетекчилик кылган орган. Ал жекече же коллегиалдуу (башкарма, дирекция) болушу мүмкүн;

4) ички аудит кызматы (ички аудитор) - контролдоочу орган.

2. Акционерлеринин саны элүүгө чейин болгон акционердик коомдун уставында директорлор кеңешин түзбөстөн иштөө каралышы мүмкүн.

Аткаруу органынын жана ички аудит кызматынын (ички аудитордун) мүчөлөрү бир эле учурда коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткара алышпайт.

3. Коомдун башкаруу органынын иши коомдун уставы жана коомдун ички документтери менен жөнгө салынат.

4. Мамлекеттик кызматчылар Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн, ушул статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы жайылтылбаган коомдун мүчөлөрү боло алат.

Коомдун директорлор кеңешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды тандоо жана көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Башкаруу органдарын шайлоо боюнча бардык ченемдер ушул Мыйзам менен гана белгиленет.

(КР 2009-жылдын 11-майындагы № 152, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-37)
