# 34-статья. Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюу

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 245 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202730)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282892..1282893>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 34-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-34

---

1. Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюу акционердин же акцияларды номиналдык кармоочунун талабы боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган документтер берилген учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюудан баш тартууга жол берилбейт. Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюудан баш тартылган учурда аталган реестр кармоочу коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюу жөнүндө талап коюлган учурдан тартып беш күндөн кечиктирбестен жазууну талап кылган жакка жазып коюудан баш тартылгандыгы тууралу жүйөлүү билдирүү жөнөтөт.

Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн. Соттун чечими боюнча акционерлердин реестрин кармоочу көрсөтүлгөн реестрге тиешелүү жазууну жазууга милдеттүү.

3. Ачык акционердик коомдун акционерлеринин реестрине акцияларды

акы төлөтүп ээликтен ажыратуу менен байланышкан жазууну киргизүү акцияларды ээликтен ажыратуу боюнча бүтүм фондулук биржада жүргүзүлгөндүгү жөнүндө күбөлөгөн фондулук биржанын жана/же депозитарийдин тиешелүү документтеринин негизинде гана жүзөгө ашырылат. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-35)
