34-статья. Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюу
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2009 года № 245
1. Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюу акционердин же акцияларды номиналдык кармоочунун талабы боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган документтер берилген учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюудан баш тартууга жол берилбейт. Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюудан баш тартылган учурда аталган реестр кармоочу коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюу жөнүндө талап коюлган учурдан тартып беш күндөн кечиктирбестен жазууну талап кылган жакка жазып коюудан баш тартылгандыгы тууралу жүйөлүү билдирүү жөнөтөт.
Коомдун акционерлеринин реестрине жазып коюудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн. Соттун чечими боюнча акционерлердин реестрин кармоочу көрсөтүлгөн реестрге тиешелүү жазууну жазууга милдеттүү.
3. Ачык акционердик коомдун акционерлеринин реестрине акцияларды
акы төлөтүп ээликтен ажыратуу менен байланышкан жазууну киргизүү акцияларды ээликтен ажыратуу боюнча бүтүм фондулук биржада жүргүзүлгөндүгү жөнүндө күбөлөгөн фондулук биржанын жана/же депозитарийдин тиешелүү документтеринин негизинде гана жүзөгө ашырылат. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-34" title="34-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>