# 32-статья. Дивиденддерди төлөөнүн чектөөлөрү

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 32-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-32

---

1. Эгерде дивиденд төлөнгөн учурга карата ал банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жооп берсе же көрсөтүлгөн белгилер коомдо дивиденддерди төлөөнүн натыйжасында пайда болсо, коом акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) тууралу чечим кабыл алууга укуксуз.

Коомдун айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен дивиденддерди төлөөгө башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

2. Эгерде артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алынбаса, коом жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоолор) тууралу чечим кабыл алууга укуксуз.

V Глава Коомдун акционерлеринин реестри

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-33)
