# 31-статья. Акционердик коом тарабынан дивиденддерди төлөп берүү тартиби

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111304); 05.10.2011 [Закон КР от 5 октября 2011 года № 163 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203403); 31.07.2006 [Закон КР от 31 июля 2006 года № 145 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1936)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=34528..34610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 31-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-31

---

1. Дивиденддер акционердин менчиги болуп эсептелет. Дивиденддер акционерлердин арасында алардын менчигиндеги болгон акциялардын санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

Дивиденддер акционердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен акча каражаттары же башка мүлктөр менен төлөнүп берилет. Коомдун салык төлөөдөн кийин калган пайдасы (таза пайдасы) дивиденддерди төлөп берүүнүн булагы болуп саналат. Артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддер акционердик коомдун ушул максаттар үчүн мурда түзүлгөн атайын фонддорунун эсебинен төлөнүп берилүүсү мүмкүн. Акционердик коом дивиденддерди төлөп берүүгө акционердик коомдун тескөөсүндө калган жыл ичиндеги иштердин жыйынтыгы боюнча таза пайданын кеминде 25 пайызын багыттоого тийиш.

2. Акционердик коом финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча тиешелүү мезгил аяктагандан кийин жайгаштырылган акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алууга (жарыялоого) укуктуу.

Дивиденддерди таза пайданын 25 пайызынан ашык өлчөмүндө төлөө жана аны төлөөнүн мүмкүн болгон формасы жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынат. Дивиденддерди акчалай төлөгөндө акционердин жазуу жүзүндөгү арызына ылайык, төлөп берүү накталай же накталай эмес формада жүргүзүлөт. Дивиденддердин өлчөмү директорлор кеңеши же директорлор кеңеши болбогон учурда башкармалык тарабынан сунуш кылынгандан көп болуусу мүмкүн эмес. Коомдун директорлор кеңеши дивиденддерге багытталуучу каражаттардын көлөмү жөнүндө маселени акционерлердин жалпы чогулушуна алып чыгуунун алдында дивиденддерди төлөп берген учурда коомдун банкрот болуу коркунучу жөнүндө маселени кароого милдеттүү. Дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечимде төмөнкү маалыматтар болуусу тийиш:

1) дивиденддердин өлчөмү жана берүүнүн формасы жөнүндө;

2) аны жарыялаган учурдан тартып коомдун акционерлердин алдында дивиденддерди төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилиги келип чыгуучу иш жүзүндө дивиденддерди төлөп берүүнүн орду жана датасы жөнүндө;

3) дивиденддерди алууга укугу бар акционерлерди каттоонун акыркы датасы жөнүндө;

Дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечимди акционердик коом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү.

3. Дивиденддерди төлөп берүүнүн тартиби коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат. Дивиденддерди төлөп берүү күнү акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат жана дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн эрте жана мындай чечим кабыл алынгандан кийин 120 күндөн кеч болушу мүмкүн эмес.

Дивиденддерди төлөп берүүнүн датасы расмий жарыяланганга чейин 30 күндөн кечиктирбестен коомдун акциясын сатып алган адамдар дивиденддерди алуу укугуна ээ болушат. Жүгүртүүгө чыгарылбаган же коомдун балансында турбаган акцияларга дивиденд төлөнбөйт. Дивиденддерди төлөп берүү үчүн дивиденддерди алууга укугу бар адамдардын тизмеси түзүлөт. Тизмени түзүү үчүн акциялардын номиналдуу кармоочусу өзү алардын кызыкчылыгында акцияларга ээлик кылган адамдар жөнүндө маалыматтарды берет.

4. Акционердик коом акциялардын ар бир категориясы (түрү) боюнча жарыяланган дивиденддерди төлөө күнү келген күндөн тартып талап боюнча бардык акционерлерге төлөп берүүгө милдеттүү. Акционер акционердик коомдун карызынын пайда болуш мөөнөтүнө карабастан, жарыяланган дивиденд акционердик коомдун күнөөсү боюнча төлөнбөгөн учурда акционердик коомдон жарыяланган дивиденддерди сот тартибинде төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.

Эгер акционердик коом акционерге ага тиешелүү дивиденддерди төлөп берүү күнүнөн кийин төлөп бербесе, анда ага тиешелүү дивиденддерге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча үстөк пайыздар чегерилет.

5. Дивиденддерди төлөп берүү мөөнөттөрүн жана тартибин бузган же төлөп бербеген акционердик коомдун кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2006-жылдын 31-июлундагы № 145, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 163, 2016-жылдын 22-мартындагы № 25, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-32)
