# 3-статья. Акционердик коомдун укуктук абалы

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об акционерных обществах", "О хозяйственных товариществах и обществах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112518)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282908..1282909>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 3-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-3

---

1. Акционердик коом (мындан ары - коом) - пайда табуу максаты менен иш жүргүзгөн жана акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен каражаттарды тартуучу юридикалык жак болуп саналат. Коом акцияларды чыгарууга милдеттүү, салым кийирүүнүн түрүнө карабастан анын наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүлөт.

Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дагы башка баалуу кагаздарды чыгарууга укуктуу. Акционерлер коомдун милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана өздөрүнө таандык болгон акциялардын наркынын чегинде анын иши менен байланышкан чыгымдарды тартууга тобокелдик кылат. Мамлекет жана анын органдары коомдун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошол сыяктуу коом да мамлекет менен анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

2. Акционердик коом өз менчигинде өзүнүн балансында турган өзгөчө мүлктүн ээси, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алат жана ишке ашыра алат, жоопкерчилик тартат, сотто доочу жана жоопкер болот.

Коом өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык болгон мүлкү менен жоопкерчилик тартат. Коом өз акционерлеринин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

3. Коом мыйзамдар менен тыюу салынбаган иштердин ар кандай түрлөрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон жарандык укуктар менен милдеттерге ээ. Тизмеси мыйзамдар менен аныкталуучу иштердин айрым түрлөрү менен коом атайын уруксаттын (лицензиянын) негизинде гана алектене алат.

4. Коомдун акцияларын күрөөгө коюшуна чек коюлушу же уставдын жоболору менен алып салынышы мүмкүн эмес. Эгерде күрөөнүн келишиминин шартында башкасы каралбаса, акционер күрөөгө коюлган акциялары боюнча да добуш берүү укугуна ээ болот. Акционердик коомдордун айрым түрлөрүнүн акцияларын күрөөгө өткөрүп берүүнүн өзгөчөлүктөрү атайын мыйзам актылары менен жөнгө салынат.

5. Коомдун өзү чыгарган акцияларын күрөөгө алышына тыюу салынат.

6. Коом юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап юридикалык жак катары түзүлдү деп эсептелет. Коомдун уставында башкасы каралбаса, анын иштөө мөөнөтүнө чек коюлбастан түзүлөт.

7. Коом белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары жерлерде банк эсептерин ачууга укуктуу.

8. Коомдун кыргыз жана орус тилдериндеги фирмалык аталышын камтыган мөөрү болууга тийиш. Мөөрдө ошондой эле коомдун фирмалык аталышы ар кандай чет тилде жана Кыргыз Республикасынын элдеринин тилдеринде көрсөтүлүшү мүмкүн. Фирмалык аталыштан тышкары мөөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка да реквизиттер болушу мүмкүн.

Коом өз аталышы жазылган штамптар менен бланктарга, өзүнүн эмблемасына, ошондой эле белгиленген тартипте катталган товардык белгиге жана боолголоп окшоштуруучу башка каражаттарга ээ болууга укуктуу.

9. Коом филиалдар менен өкүлчүлүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдун туунду ишканаларын ачууга укуктуу.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-4)
