# 28-статья. Коомдун акцияларын жана дагы башка баалуу кагаздарын төлөп берүү

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 13.04.2012 [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203639); 27.01.2006 [Закон КР от 27 января 2006 года № 15 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1803); 13.08.2004 [Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1528)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=34528..34610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 28-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-28

---

1. Коомдун кошумча акцияларын чыгаруу аны чыгаруу жөнүндөгү чечимге ылайык аныкталган мөөнөттүн ичинде, бирок ал жайгаштырыла баштаган учурдан тартып бир жылдан кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш. Коом акциялардын андан мурунку чыгарылышынын жыйынтыктарын каттаганга чейин кошумча акцияларды чыгарууга укуксуз.

Коом өзү чыгарган акцияларды жайгаштырууну аларды чыгаруу катталгандан кийин гана баштоого укуктуу. Акцияларды жеке сунуштоодон алынган каражаттар топтоо эсебинде сакталат. Ачык сунушталган баалуу кагаздарды (облигацияларды кошпогондо) сатуунун жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалуу кагаздарды ачык сунуштоону болду же болгон жок деп тааныганга чейин андеррайтинг кызматын же брокердин депозитарийинин кызматын жүзөгө ашырган брокердин банктык эсебинде сакталат. Коомго жазылуу мөөнөтү жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту каттоо аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар боюнча мыйзамдарына ылайык аларды жайгаштыруунун жүрүшүндө түшкөн каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат. Акцияларга конвертирленип жайгаштырылган акциялардын жана баалуу кагаздардын саны уюштуруу документтеринде жана баалуу кагаздарды чыгаруу тууралу чечимде көрсөтүлгөн сандан ашпоого тийиш.

2. Коомдун акцияларын жана башка баалуу кагаздарын төлөп берүү акча, баалуу кагаздар, башка буюм же мүлктүк укуктар болбосо акчалай наркы бар дагы башка укуктар менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Коомдун акцияларын төлөп берүүнүн түрлөрү аны уюмдаштыруу учурунда уюмдаштыруу келишими же коомдун уставы менен, ал эми кошумча акциялар жана дагы башка баалуу кагаздар - баалуу кагаздарды чыгаруу тууралу чечим менен аныкталат.

Жайгаштырылышы ачык сунуш кылуу менен коштолгон кошумча чыгарылган акциялар акча каражаттары менен гана төлөнөт. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте акцияларды сатып алуу жолдорун кошпогондо, акциялардын жайгаштыруудагы эмиссиянын бүтүшүнөн алынган акционердик коомдун каражаттарынан акционерге кайтарып берүүгө жол берилбейт. Коомдун акцияларын жана башка баалуу кагаздарын векселдер, ошондой эле террористтик жана экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги) турган жеке жана юридикалык жактарга таандык акчалар, баалуу кагаздар, башка буюмдар же мүлктүк укуктар, же болбосо акчалай баасы бар башка укуктар менен төлөөгө тыюу салынат.

3. Коомдун акцияларына конвертирленген кошумча чыгарылган акцияларды жана баалуу кагаздарды төлөп берүү рынок наркынын негизинде коомдун директорлор кеңеши аныктаган жайгаштыруу баасы боюнча, бирок алардын номиналдык наркынан төмөн болбогон баада жүргүзүлөт.

Коом акцияларды жайгаштырууну жайгаштыруу баасынан төмөнкү баада жүргүзүүгө төмөндөгүдөй учурларда укуктуу:

- коомдун жөнөкөй акцияларынын ээлери артыкчылыктуу сатып алуу укугун ишке ашыруу - жөнөкөй акцияларды жайгаштыруу баасынан 90 пайыздан төмөн болбогон баа менен;

- андеррайтер катышканда кошумча акцияларды мындай акцияларды жайгаштыруу баасына карата пайыздык катышта белгиленген андеррайтерге сыйакынын өлчөмүнөн ашпаган жайгаштыруу баасы менен жайгаштыруу.

4. Ачык коом акцияларга конвертирленген кошумча чыгарылган акцияларды жана баалуу кагаздарды ачык, ошондой эле жабык жайгаштырууга укуктуу.

Жабык коом акцияларга конвертирленген коомдун акцияларын жана баалуу кагаздарын ачык жайгаштыруу жүргүзүүгө укуксуз. Коомдун кошумча чыгарылган акцияларын акцияларга конвертирленген баалуу кагаздарга конвертирлөө жолу менен жайгаштырууну конвертирленген акцияларга мындай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндөгү чечими менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

5. Коомду уюмдаштырууда акцияларды төлөө үчүн чыгарылган мүлктүн акчалай наркын баалоо уюмдаштыруучулардын ортосундагы макулдашуу боюнча жүргүзүлөт. Коомду уюмдаштырган учурда анын акцияларын төлөө анын уюмдаштыруучулары тарабынан уюмдаштыруу келишиминде аныкталган наркы боюнча жүргүзүлөт.

Эгерде ушундай жол менен сатып алынган коомдун акцияларынын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмдөрүнөн көбүрөөгүн түзсө, анда коомдун акцияларын жана башка баалуу кагаздарын төлөөгө чыгарылган мүлктү көз карандысыз баалоочулар тарабынан акчалай баалоо зарыл. Коомдун уставы акциялар менен төлөнүшү мүмкүн болгон мүлктөрдүн түрлөрүнө чек коюшу мүмкүн.

6. Эгерде коом ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө чыгарылган акцияларды жайгаштыра албай турган болсо, акционерлердин кезектеги жалпы чогулушунда аталган акцияларды тындыруу жолу менен коомдун уставдык капиталын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алынууга тийиш.

(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2006-жылдын 27-январындагы № 15, 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-29)
