# 27-статья. Коомдун облигациялары жана дагы башка баалуу кагаздары

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 20.06.2025 [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287) (күчүнө кире элек); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 20.05.2016 [Закон КР от 20 мая 2016 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах", "Об акционерных обществах", "О рынке ценных бумаг")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111347); 13.04.2012 [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203639); 19.01.2009 [Закон КР от 19 января 2009 года № 7 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202699); 13.08.2004 [Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1528)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=34528..34610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 27-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-27

---

1. Коом өз уставына ылайык Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндөгү мыйзамында каралган облигацияларды, эл аралык облигацияларды жана дагы башка баалуу кагаздарды чыгарууга укуктуу.

Кредиттерди жана зайымдарды тындыруу үчүн, ошондой эле акыркы жылдын ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары бар болгондо облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.

2. Облигацияларды жана дагы башка баалуу кагаздарды чыгаруу акционердик коомдун жалпы чогулушунун же ушул Мыйзамга ылайык директорлор кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт.

3. Облигацияларды, эл аралык облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде чыгаруунун көлөмү, жайгаштыруунун тартиби, тындыруунун мөөнөтү жана дагы башка шарттары аныкталууга тийиш. Облигациялар документардык же документарсыз түрүндө чыгарылышы мүмкүн.

Коом облигацияларды тындыруунун бир жолку мөөнөтү менен же белгилүү мөөнөттө сериялар боюнча тындыруу мөөнөтү менен облигацияларды чыгара алат. Облигацияларды тындыруу аларды чыгаруу жөнүндө чечимге ылайык акчалай түрүндө же дагы башка мүлк менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Коом тарабынан облигацияларды чыгаруу өздүк капиталдын көлөмүнөн ашпаган суммага гана жол берилет.

Коом облигациялардын ээлеринин каалоосу боюнча аларды мөөнөтүнөн мурда тындыруу мүмкүнчүлүгүн шарттоого укуктуу. Бул учурда облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде тындыруу наркы жана мөөнөтүнөн мурда тындырууга сунуш кылышы мүмкүн болгон мөөнөттөн эрте болбогон мөөнөт аныкталууга тийиш. Акционердик коом өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага, мурдагы чыгарылган акциялар жайгаштырылгандан кийин жана өзүнүн иштешинин үчүнчү жылынан эрте эмес, ушул убакытка карата коомдун эки жылдык балансын тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгарууга укуктуу.

Облигацияларды чыгарууну жүзөгө ашыруучу эмитенттердин өздүк капиталына карата ченемдик талаптар, буга кошуп өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) акыркы отчеттук жыл үчүн жана акыркы 3 жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болуу;

2) акыркы жылдын ичинде өз ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу;

3) коомдун финансылык отчету аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген аудитордук уюмдун корутундусу менен тастыкталууга тийиш;

4) корпоративдик башкаруу кодексине ээ болушу.

Коом квалификациялуу инвесторлор үчүн облигацияларды чыгарууга укуктуу, мында коомдун ишинин мөөнөтүнө карата ушул пункттун алтынчы абзацында белгиленген талаптар колдонулбайт. Кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн облигацияларды чыгаруу үчүн коом кайра уюштурулгандан кийин бирден кем эмес жылдык балансын бекитүүгө, ошондой эле ушул статьянын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Мурдагы чакырылыштагы акциялар жайгаштырылгандан кийин коом тарабынан берилген же болбосо үчүнчү жактар тарабынан бул максаттарда коомго берилген чоңдукка акционердик коом камсыздоо чоңдугуна камсыздалган облигацияларды чыгарууга укуктуу. Мында акционердик коомдун капиталынын өлчөмүнө жана аны иштөө мөөнөтүнө карата ушул пунктун алтынчы абзацында көрсөтүлгөн талаптар акционердик коом тарабынан камсыздалган облигацияларды чыгарылган учурда колдонулбайт. Камсыздалган облигацияларды чыгаруунун жайгаштыруунун жана жабдуунун тартиби, шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. (КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2009-жылдын 19-январындагы № 7, 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2016-жылдын 20-майындагы № 68 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 41, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-261)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-28)
