# 26-статья. Коомдун артыкчылыктуу акцияларынын ээлеринин - акционерлеринин укуктары

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 26-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-26

---

1. Эгерде ушул Мыйзам же коомдун уставы менен башкасы каралбаса, коомдун артыкчылыктуу акцияларынын ээлери - акционерлер акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү укугуна ээ болбойт. Артыкчылыктуу акциялар анын ээлерине - акционерлерге укуктардын бирдей көлөмүн берет.

2. Артыкчылыктуу акцияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде дивиденддин өлчөмү жана коом жоюлган учурда (жоюу наркы) артыкчылыктуу акциялар боюнча төлөп бериле турган наркты аныктоонун тартиби аныкталууга тийиш. Дивиденддин жана жоюу наркынын өлчөмү туруктуу акча суммасында же артыкчылыктуу акциялардын номиналдык наркына карата пайыз менен аныкталат. Эгерде коомдун уставы менен аларды аныктоонун тартиби белгиленсе, артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддин өлчөмү жана жоюу наркы белгиленди деп эсептелинет.

Коомдун уставы менен артыкчылыктуу акциялар боюнча төлөнбөй калган же толук төлөнбөй калган дивиденд топтолуп жана кийин төлөнө тургандыгы (артыкчылыктуу акциялар) белгилениши мүмкүн. Коомдун уставында артыкчылыктуу акцияларды жөнөкөй акцияларга конвертациялоонун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары да аныкталышы мүмкүн.

3. Артыкчылыктуу акциялардын ээлери - акционерлер коомду кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндөгү маселени чечүүдө акционерлердин жалпы чогулушуна добуш берүү укугу менен катышат.

Артыкчылыктуу акциялардын ээлери - акционерлер артыкчылыктуу акциялар боюнча төлөнө турган дивиденддердин өлчөмүн жана (же) жоюу наркын азайтуу учурларын кошуп алганда артыкчылыктуу акциялардын ээлеринин - акционерлердин укуктарын чектеген коомдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү маселени акционерлердин жалпы чогулушунда чечүүдө добуш берүү укугуна ээ болушат.

4. Артыкчылыктуу акциялардын ээлери - акционерлер артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынбаган жана (же) дивиденддерди толук эмес төлөп берүү чечими кабыл алынган акционерлердин жылдык жалпы чогулушунан кийинки чогулуштан баштап анын компетенциясындагы бардык маселелер боюнча акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү укугуна ээ болушат. Артыкчылыктуу акциялардын ээлеринин - акционерлердин жалпы чогулушка катышуу укугу аталган акциялар боюнча топтолгон бардык дивиденддер толук өлчөмдө төлөнүп берилген учурдан тартып токтотулат.

5. Артыкчылыктуу акциялардын ээлери - акционерлер жогоруда аталган укуктардан тышкары ушул Мыйзамдын 25-статьясынын 2-пунктунун в, г, д, е пунктчаларында, 3-пунктунун а, г, д, е, ж пунктчаларында белгиленген укуктарга ээ.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-25)  
Кийинки берене: [261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-261)
