# 25-статья. Акционерлердин - коомдун жөнөкөй акцияларынын ээлеринин укуктары

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 мая 2012 года № 70 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203670)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.05.2012 [Закон КР от 29 мая 2012 года № 70 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203670); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 245 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202730); 02.06.2008 [Закон КР от 2 июня 2008 года № 110 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202320); 13.08.2004 [Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1528)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282897..1282898>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 25-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-25

---

1. Коомдун ар бир жөнөкөй акциясы акционерге - анын ээсине бирдей көлөмдөгү укуктарды берет.

2. Акционер төмөндөгүдөй мүлк укуктарына ээ:

а) коомдун иштешинен түшкөн кирешенин (дивиденддин) бир бөлүгүн алууга;

б) коом жоюлган учурда анын мүлкүнүн бир бөлүгүн алууга;

в) акциялардын бардыгын же алардын бир бөлүгүн жарандарга, юридикалык жактарга, мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мураска калтырууга;

г) ушул Мыйзамдын 7-статьясында жабык акционердик коомдор үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен акцияларды болбосо алардын бир бөлүгүн сатууга же дагы башка жол менен башка жарандардын же юридикалык жактардын менчигине өткөрүп берүүгө;

д) акцияларды же алардын бир бөлүгүн күрөөгө болбосо ишенип башкаруу үчүн башка жарандарга же юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө;

е) коомдун уставына ылайык акционердик коом тарабынан чыгарылуучу акцияларды артыкчылык иретинде сатып алууга.

3. Акционер төмөндөгүдөй мүлккө кирбеген укуктарга ээ:

а) ушул Мыйзам жана коомдун уставында белгиленген тартипте акционердик коомдун иштерин башкарууга катышууга;

б) добуш берүү укугу менен акционерлердин чогулуштарына катышууга;

в) акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибине киргизүү үчүн сунуш берүүгө;

г) өз укуктарын сот тартибинде коргоого, коомдун кызмат орундагы адамдарына, ошондой эле ушул акционердин мүлктүк укуктары бузулган жана ага мүлктүк зыян келтирилген шартта, ушул Мыйзамдын 75-статьясына ылайык бүтүмдөрдү коом тарабынан жасоого кызыкдар болгон адамдарга карата доо арыз берүүгө;

д) бул чечим менен ушул акционердин мүлктүк укугу бузулган жана ага мүлктүк зыян келтирилген шартта, мындай чечим чыгарылган учурдан тартып бир жылдын ичинде коом тарабынан кабыл алынган чечимди талашууга;

е)анын бул эмиссияга катышууга чыныгы укуктары бузулган, ал эми ага ушул эмиссия тарабынан мүлктүк зыян келтирилген шартта, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан акциялардын чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып 2 айдын ичинде эмиссиянын жана/же эмиссия менен байланыштуу жол-жобрлордун аныктыгын сот тартибинде талашууга;

ж) коомдун иши тууралу ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган тартипте маалымат алууга;

з) бул акционердин мүлктүк укуктары бузулган жана ага мүлктүк зыян келтирилген шартта, ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр боюнча акционерлердин жана коомдун өзүнүн кызыкчылыгын коргоодо сотко кайрылууга.

4. Акционер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана коомдун уставына ылайык башка да мүлктүк жана мүлккө кирбеген укуктарга ээ боло алат.

5. Акционерлердин чогулушуна катышууга жана акционердин ар кандай маселелер боюнча өзүнө таандык болгон акциялар менен добуш берүүгө анын укугу кандайдыр бир жактар, мамлекеттик органдар же сот тарабынан чектелиши мүмкүн эмес;

6. Акционердик коомдун органдарынын аракети (аракетсиздиги), че-

чими менен ага келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толук толтуруу акционердин бузулган укуктарынын талаптагыдай калыбына келтирилиши болуп саналат. (КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2008-жылдын 2-июнундагы № 110, 2009-жылдын 24-июлундагы № 245, 2012-жылдын 29-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-26)
