# 24-статья. Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын азайтуу

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 24-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-24

---

1. Коом акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен акциялардын бир бөлүгүн сатып алуу же аларды бириктирүү жолу менен жүгүртүлүүчү акциялардын санын азайтууга укуктуу.

2. Коом бир жылдан ашпаган мөөнөткө колдоо акцияларынын өтүмдүүлүгү үчүн өз акцияларын кошумча рынокто сатып алууга укуктуу. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөргөндө бул максаттар үчүн сатып алынган акциялар добушка ээ болбойт.

Коом сатып алган акцияларын бир жылдан ашпаган мөөнөт ичинде жайгаштырууга милдеттүү, антпесе аларды жок кылууга милдеттүү болот.

3. Коомдук жүгүртүлүүчү акцияларын сатып алуу же жок кылуу жолу менен алардын санын азайтууга бардык кредиторлорго кабарлангандан кийин гана жол берилет. Бул учурда коомдун кредит берүүчүлөрү коомдун тиешелүү милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда орундатышын талап кылууга укуктуу.

4. Коомдордун айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүгүртүлүүчү акциялардын санын азайтуунун башкача тартиби каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-25)
