# 22-статья. Коомдун акциялары

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 22-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-22

---

1. Коом тарабынан чыгарылуучу акциялар жөнөкөй жана артыкчылыктуу болушу мүмкүн. Жайгаштырылган артыкчылыктуу акциялардын саны коомдун бардык акцияларынын 25 пайызынан ашпашы керек.

2. Коомдун бардык акциялары энчилүү болот жана документарсыз түрүндө чыгарылат.

3. Коом аны юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөргөн күндөн тартып акцияларынын уюмдаштырылган чыгарылышын бир айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.

4. Коом акциялардын мурдагы чыгарылышынын жыйынтыктарын каттоодон өткөргөндөн кийин кошумча чыгарууну ишке ашырат.

Чыгарылган акцияларды жайгаштыруу баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндөгү чечимде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

5. Мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү учурунда түзүлгөн акционердик коомдун эмгек жамаатынын ортосунда андан ары бөлүштүрүп берүү үчүн коомго берилген акцияларды бөлүштүрүү талаптагыдай өткөрүлбөсө, анда бул кемчиликтер белгилүү болгон учурдан тартып 1 айдын ичинде менчиктештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кайрадан бөлүштүрүп берүү үчүн бул акциялар мамлекетке кайтарылат.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-23)
