# 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдалануучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111661)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111661); 20.05.2016 [Закон КР от 20 мая 2016 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах", "Об акционерных обществах", "О рынке ценных бумаг")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111347); 13.04.2012 [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203639)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282902..1282903>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 2-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: акция - аны кармоочунун (акционердин) акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгүн дивиденд түрүндө алууга, акционердик коомдун иштерин башкарууга катышууга жана ал жоюлгандан кийин калган мүлккө болгон укугун ырастоочу баалуу кагаз; акционер - коомдун жок эле дегенде бир акциясына ээлик кылган, акционердик коомдун мүлкүнө анын милдеттүү укугун берүүчү жана ага байланыштуу ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген укуктар милдеттенмелерге ээ болгон жеке же юридикалык жак; (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) дивиденддер - акционердин ага тиешелүү болгон бул коомдун акцияларынан киреше түрүндө анын акционердик коомдун бөлүштүрүлүүчү кирешесинен (пайдасынан) алган бөлүгү; жабык коом - акциялары анын катышуучуларынын же күн мурунтан аныкталган адамдардын ортосунда гана жайгаштырылып жана жүгүртүлө турган акционердик коом; (жетинчи абзац КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) корпоративдик башкаруунун кодекси - акционерлердин жалпы чогулушу менен бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлердин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын камтыган коомдун ички документи; конвертирленген баалуу кагаз - акционердик коом тарабынан чыгарылган баалуу кагаз, ал ушул акционердик коомдун башка түрдөгү баалуу кагазына конвертирленген баалуу кагазды чыгарууда белгиленген шартта алмаштырылат; кумулятивдик добуш берүү - добуш берүүнүн түрү, мында добуш берүүгө катышкан ар бир акцияга коомду башкаруунун коллегиалдуу органынын мүчөлөрүнүн жалпы санына барабар болгон добуштардын саны туура келет; көз карандысыз реестр кармоочу - энчилүү баалуу кагаз ээлеринин реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча иш алып баруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу. директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - ошол акционердик коомдун аффилирленген жагы болуп эсептелбеген жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде аффилирленген жак болбогон (ошол акционердик коомдун көз карандысыз директорунун кызмат ордун ээлеген учурду кошпогондо), ошол акционердик коомдун аффилирленген жактарына карата аффилирленген жак болуп саналбаган; ошол акционердик коомдун же уюмдардын - ошол акционердик коомдун аффилирленген жактарынын кызмат адамдарына көз каранды эмес жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде бул адамдарга көз каранды болбогон; мамлекеттик кызматчы болуп саналбаган; ошол акционердик коомдун органдарынын жыйындарында акционердин өкүлү болуп саналбаган жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде анын өкүлү болбогон; аудитордук уюмдун курамында иштеген аудитор катары бул акционердик коомдун аудитине катышпаган жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде мындай аудитке катышпаган директорлор кеңешинин мүчөсү; ачык коом - акционердик коомдун акционерлери өздөрүнө таандык болгон акцияларын ушул акционердик коомдун башка акционерлеринин макулдугусуз ажыратып алууга укуктуу; облигацияларды тындыруу - акционердик коомдун мурда чыгарылган облигацияларын номиналдык наркында сатып алышы же ушул акционердик коомдун акцияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конвертирлөө; (он үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) жайгаштырылган акциялар - акционерлерге таандык болгон акциялар; уставдык капитал - коомдун уюмдаштырылып жаткан учурдагы минималдуу капиталы, анын өлчөмү ушул Мыйзам менен белгиленген. (КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2016-жылдын 20-майындагы № 68, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-3)
