# 19-статья. Ыктыярдуу түрдө жоюлуп жаткан коомдун мүлкүн анын акционерлеринин ортосунда бөлүштүрүү

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 октября 2009 года № 264 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах""](https://aqlex.ai/kg/doc/203207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282893..1282894>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 19-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-19

---

1. Жоюлуп жаткан коомдун кредиторлор менен эсептешип бүткөндөн кийинки мүлкү жоюу комиссиясы (жоюучу) тарабынан акционерлердин ортосунда төмөнкүдөй кезек менен бөлүштүрүлөт:

биринчи кезекте артыкчылыктуу акциялар боюнча жоюу наркын эсептешүү жүргүзүлөт; экинчи кезекте жоюлуп жаткан коомдун мүлкүн жөнөкөй акциялардын ээлеринин - акционерлердин ортосунда бөлүштүрүү жүргүзүлөт.

2. Ар бир кезектин мүлкүн бөлүштүрүү мурунку кезектеги мүлк толук бөлүштүрүлгөндөн кийин жүргүзүлөт. Эгерде коомдун мүлкү биринчи кезектеги акционерлердин ортосунда бөлүштүргөнгө жетишсиз болсо, анда мүлк ошол кезектеги акционерлердин ортосунда аларга таандык болгон акциялардын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.

3. Мүлктү сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттары мезгил-мезгили менен түшкөн учурда аларды белгилүү кезекте акционерлерге бөлүштүрүү аларга таандык болгон акциялардын санына жараша пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.

(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 264 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-20)
