# 18-статья. Коомдун жоюлушу

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 12.10.2009 [Закон КР от 12 октября 2009 года № 264 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах""](https://aqlex.ai/kg/doc/203207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282898..1282899>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 18-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-18

---

1. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Мыйзамдын жана коомдун уставынын талаптарын эске алуу менен ыктыярдуу түрдө жоюлушу мүмкүн.

Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча соттун чечими менен жоюлушу мүмкүн. Коомду жоюу укук мурастоо иретиндеги укуктар менен милдеттерди башка адамдарга өткөрүп берүүсүз токтотулушуна алып келет. Коомду жоюунун тартиби, ошондой эле кредиторлорго төлөп берүүлөрдүн кезек күтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык коом тарабынан жүргүзүлөт.

2. Төлөө жөндөмдүүлүгү бар коом ыктыярдуу түрдө жоюлган учурда жоюлуп жаткан коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) аткаруу органы акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна коомду жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындоо жөнүндө маселени коет.

Ыктыярдуу түрдө жоюлуп жаткан коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу коомду жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.

3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалган учурдан тартып ал коомдук органдардын мүлкүн тескөө боюнча ишин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Атап айтканда, коомдук органдардын аны мүлк ээлигинен ажыратууга же болбосо карыздарын тындырууга багытталган бардык актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 264, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-19)
