# 17-статья. Коомду кайра түзүү

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 17-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-17

---

1. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен жоопкерчилиги чектелген коомго же коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооперативге кайра түзүлүүгө укуктуу.

2. Кайра түзүлүүчү коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) аткаруу органы акционерлердин жалпы чогулушунун чечимине коомду кайра түзүү жөнүндөгү, кайра түзүү жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары, коомдун акцияларын жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын салымдарына же коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооперативдин мүчөлөрүнүн пайына алмашуу тартиби жөнүндөгү маселени коет.

3. Кайра түзүлүүчү коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу коомду кайра түзүү, кайра түзүүнүн тартиби жана шарттары, коомдун акцияларын жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын салымдарына же коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооперативдин мүчөлөрүнүн пайына алмашуу тартиби жөнүндө чечим кабыл алат. Кайра түзүүдө пайда болгон жаңы юридикалык жактын катышуучулары өзүнүн биргелешкен жыйналышында анын уюмдаштыруу документтерин бекитүү жана ал уюмдар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык башкаруу органдарын шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Коомду кайра түзгөн учурда жаңыдан пайда болгон юридикалык жакка кайра уюшулган коомдун бардык укуктары менен милдеттери өткөрүп берүү актына ылайык өтөт.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-18)
