# 16-статья. Коомдун бөлүнүп чыгышы

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 16-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-16

---

1. Коомдун бөлүнүп чыгышы деп кайра уюшулган коомдун укуктары менен милдеттеринин бир бөлүгүн анын ишин токтотпостон эле бөлүүчү баланска ылайык өткөрүп берүү менен бир же бир нече коомдорду түзүүгө алып келген аракет таанылат.

2. Кайра уюшулган коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) аткаруучу органы акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна төмөнкүдөй маселелерди коет:

- бөлүнүп чыгуу түрүндө коомду кайра уюштуруу жөнүндө;

- бөлүнүүнү ишке ашыруунун тартиби жана шарттары жөнүндө;

- жаңы коомду түзүү жана коомдун акцияларын бөлүнгөн коомдун акциялары жана (же) башка баалуу кагаздары менен конвертациялоонун тартиби жөнүндө;

- бөлүүчү балансты бекитүү жөнүндө.

3. Бөлүнүп чыгуу жолу менен коомду кайра уюштурганда кайра түзүлгөн коомдун акционерлери кайра уюшулган коомдун капиталындагы өз үлүштөрүнө пропорционалдуу кылып бөлүнгөн коомдун капиталындагы үлүштөрүнө ээ болушат.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-17)
