# 15-статья. Коомдун бөлүнүшү

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 15-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-15

---

1. Коомдун ишинин токтотулушу менен анын бардык укуктары жана милдеттеринин жаңыдан түзүлө турган коомго өткөрүп берилиши коомдун бөлүнүшү деп таанылат.

2. Кайра уюшулуп жаткан коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) аткаруу орган акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна төмөндөгүдөй маселелерди коет:

- коомду бөлүп кайра уюштуруу жөнүндө;

- кайра уюштуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө;

- жаңы коомдорду түзүү жана кайра уюшулган коомдун акцияларын түзүлүп жаткан коомдун акцияларына жана (же) башка баалуу кагаздар менен конвертациялоонун тартиби жөнүндө.

3. Бөлүү жолу менен коомду кайра уюштурганда жаңыдан түзүлгөн коомдун капиталын кайра уюшулган коомдогу акционерлердин үлүшүнө пропорционалдуу кылып алардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

4. Кайра уюшулган коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу бөлүү түрүндө коомду кайра уюштуруу, жаңы коомдорду түзүү жана кайра уюшулган коомдун акцияларын жаңыдан түзүлгөн коомдун акциялары жана (же) башка баалуу кагаздары менен конвертациялоонун тартиби жөнүндө чечим кабыл алат.

Ар бир жаңыдан түзүлгөн коомдун акционерлеринин жалпы чогулушу анын уставын бекитүү жана башкаруу органдарын шайлоо жөнүндө чечим кабыл алат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-16)
