# 14-статья. Коомдун биригиши

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 14-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-14

---

1. Бир же бир нече коомдордун ишинин токтотулушу менен алардын бардык укуктары менен милдеттерин башка коомго өткөрүп берген иш-аракет коомдордун биригиши деп таанылат.

Акционердик коомдорду бириктирүү алардын мүлкүн бириктирүү жана бириге турган коомдун акцияларын иштешин уланткан коомдун акциялары менен алмаштыруу, алардын баланстарын консолидациялоо жолу менен ишке ашырылат.

2. Биригүүчү коом менен бириктирип ала турган коом биригүү тууралу келишим түзүшөт, анда төмөндөгүлөр аныкталат:

- биригүүнүн тартиби жана шарттары;

- биригүүчү коомдун акцияларын бириктирип ала турган коомдун акцияларына жана (же) дагы башка баалуу кагаздарына конвертациялоонун тартиби.

Ар бир коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөй иштей турган болсо) аткаруу органы өз коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна биригүү түрүндө кайра уюштуруу жана биригүү тууралу келишимди бекитүү жөнүндө маселени коет. Биригүүчү коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөй иштеп турган болсо) аткаруу органы да акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна өткөрүп берүү актын бекитүү жөнүндөгү маселени коет.

3. Бир коом экинчи коомго бириккен учурда өткөрүп берүү актына ылайык бириге турган коомдун бардык укуктары менен милдеттери акыркысына өтөт.

4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, жоопкерчилиги чектелген коом жана (же) коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооператив акционердик коомго биригүүгө укуктуу.

Акционердик коом чарбалык шериктештикке же уюштуруу-укуктук формасындагы акционердик коомго караганда башкачараак коомго биригүүгө укуксуз.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-15)
