# 13-статья. Коомдордун кошулушу

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 13-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-13

---

1. Эки же бир нече коомдордун бардык укуктары менен милдеттерин жаңы пайда болгон коомго өткөрүп берип, натыйжада акыркыларынын ишинин токтотулушуна алып келген аракет коомдун кошулушу деп таанылат.

Коомдорду кошуу алардын мүлкүн бириктирүү жана бириктириле турган коомдун акцияларын жаңыдан түзүлгөн коомдун акциялары менен алмаштырып, алардын баланстарын консолидациялоо жолу менен ишке ашырылат.

2. Кошулууга катышкан коомдор кошулуу тууралу келишим түзүшөт, анда төмөнкүлөр аныкталат:

- кошулуунун тартиби жана шарты;

- ар бир коомдун акцияларын жаны коомдун акцияларына жана (же) дагы башка баалуу кагаздарына конвертациялоонун тартиби.

Кошулууга катышкан ар бир коомдун директорлор кеңеши же (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөй иштей турган болсо) аткаруу органы өз коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна бириктирүү түрүндө кайра уюштуруу жана кошулуу жөнүндөгү келишим менен өткөрүп берүү актын бекитүү тууралу маселени коет.

3. Жаңыдан түзүлгөн коомдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын шайлоо кошулууга катышкан акционердик коомдордун биргелешкен чогулушунда жүргүзүлөт. Добуш берүү тартиби акционерлердин биргелешкен жалпы чогулушунда коомдорду кошуу жөнүндөгү келишим менен аныкталат.

4. Коомдорду кошкон учурда алардын ар биринин бардык укуктары менен милдеттери өткөрүп берүү актына ылайык жаңыдан түзүлгөн коомго өтөт.

5. Эгерде Мыйзамда башкасы каралбаса, акционердик коом жоопкерчилиги чектелген коом менен (же) коммерциялык уюм катары түзүлгөн кооператив менен кошулууга укуктуу. Акционердик коомду жоопкерчилиги чектелген коом жана (же) коммерциялык уюм катары түзүлгөн кооператив менен кошкондо аларды кошкон учурда түзүлгөн коом акционердик коом гана боло алат.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-14)
