# 12-статья. Коомду кайра уюштуруу

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об акционерных обществах", "О хозяйственных товариществах и обществах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112518)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282908..1282909>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 12-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-12

---

1. Коом ушул Мыйзамда каралган тартипте ыктыярдуу түрдө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте соттун чечими менен кайра уюштурулушу мүмкүн.

2. Коомду кайра уюштуруу кошулуу, бөлүнүү, бөлүнүп чыгуу жана кайра түзүү түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн.

Ажыраткан (бөлүнүп чыккан) учурда кайрадан уюштурулуп жаткан коомдун бардык укук мураскорлорунун уюштуруу-укуктук түрү коомду кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин колдонулган анын уюштуруу-укуктук түрүнө дал келүүгө тийиш. Коомду кайра уюштуруу жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө жана (же) коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооператив болушу мүмкүн.

3. Кошулуу түрүндөгү кайра уюштуруудан тышкаркы бардык учурларда коом жаңыдан пайда болгон юридикалык жактар мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап кайра уюштурулду деп эсептелинет.

Коомду башка коомго бириктирүү жолу менен кайра уюштурууда алардын биринчиси кошулган коомдун ишин токтотуу жөнүндө жазуу юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине мамлекеттик каттоо органы тарабынан киргизилген учурдан баштап кайра уюштурулду деп эсептелинет.

4. Коомдорду кайра уюштуруунун натыйжасында жаңыдан пайда болгондордун мамлекеттик каттоо жана кайрадан уюшулган коомдордун ишин токтотушу жөнүндөгү жазууну киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей тартипте ишке ашырылат.

5. Коомду кайра уюштуруу расмий басма сөздө бул тууралу билдирүү жарыялангандан кийин эки айлык мөөнөткө жеткирбей жүргүзүлөт. Коомду кайра уюштуруу жөнүндөгү маалымат жарыяланган учурдан тартып кредиторлор мөөнөтүнөн мурда токтотуу же тиешелүү милдеттенмелерди орундатуу тууралу эки айдын ичинде коомго талап коюуга укуктуу, ал эми коом алардын талаптарын канааттандырууга милдеттүү.

6. Эгерде кайра уюштуруунун натыйжасында кайра уюшулган коомдун капиталы ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдөн аз болсо, коом кайра уюштурулбайт.

7. Коомду кайра уюштурууда анын жөнөкөй, ошондой эле артыкчылыктуу акцияларын, конвертирленүүчү акцияларды анын эмиссиясынын проспектине ылайык жөнөкөй акцияларга, мүлккө же дагы башка мүлк укуктарына алмаштырууга жол берилбейт.

8. Кошулуу жөнүндөгү жана кошулууга өткөрүп берүү тууралу келишимдеги акты, бөлүнүү же бөлүнүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган чогулуштун протоколу, бөлүнүү же бөлүнүп чыгуудагы ажыратуу балансы жаныдан түзүлгөн чарбалардын уюмдаштыруу келишимин алмаштыруучу документ болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-13)
