# 11-статья. Коомдун уставы

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 октября 2009 года № 264 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах""](https://aqlex.ai/kg/doc/203207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=1282893..1282894>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 11-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-11

---

1. Коомдун уставы коомдун уюмдаштыруу документи болуп саналат. Уставдын жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.

2. Коомдун уставынын талаптарын коомдун бардык органдары менен анын акционерлери аткарууга милдеттүү.

3. Коомдун уставы төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- коомдун толук жана кыскартылган фирмалык аталышын;

- коомдун турган ордун;

- коомдун тибин (ачык же жабык);

- коом жайгаштырган акциялардын санын, категорияларын (жөнөкөй, артыкчылыктуу);

- ар бир категориядагы акция ээлеринин-акционерлердин укуктарын;

- коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн;

- коомду башкаруу органынын түзүмүн жана компетенциясы менен алардын чечим кабыл алуу тартибин;

- акционерлердин жалпы чогулушун даярдоонун жана өткөрүүнүн тартибин.

Коомдун уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн.

4. Коомдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү же коомдун уставын жаңы редакцияда бекитүү акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен ишке ашырылат.

Коомдун уставына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө акционердин жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш. Коомдун уставында акционерлердин укуктарын начарлаткан жоболор белгиленбөөгө тийиш.

5. Кандай гана жак болбосун коомдун уставы менен таанышууга укуктуу. Коом ага устав менен таанышууга мүмкүндүк берип, анын талабы боюнча коомдун колдонулуп жаткан уставынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү, ага төлөнгөн акы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.

(КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 264 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-12)
