# 1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Акционердик коомдор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1188)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 "Акционердик коомдор жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2024 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике", "Об акционерных обществах", "О стратегических объектах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011172)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2024 [Закон КР от 24 июля 2024 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике", "Об акционерных обществах", "О стратегических объектах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011172); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 05.10.2023 [Закон Кыргызской Республики от 5 октября 2023 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Государственного банка развития Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112674); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111304); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202306); 06.08.2007 [Закон КР от 6 августа 2007 года №132 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202165); 09.12.2004 [Закон КР от 9 декабря 2004 года № 189 "О внесении дополнения в закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1590); 13.08.2004 [Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1528)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188#diff=7901..13459>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1135/edition/1282882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1188/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акционердик коомдор жөнүндө, 1-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-1

---

1. Ушул Мыйзам акционердик коомдорду түзүүнүн тартибин жана укуктук абалын, алардын акционерлеринин укуктары менен милдеттерин аныктайт, ошондой эле акционерлердин укуктары менен таламдарын коргоону камсыз кылат.

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы белгиленбесе, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана түзүлүп жаткан бардык акционердик коомдорго жайылтылат.

Мамлекеттин колунда акциялардын үчтөн эки бөлүгү болгон стратегиялык объектилердин, электроэнергетиканы бөлүштүрүү компанияларынын базасында уюшулган акционердик коомдордун мүлктөрүн концессияга берүү менен байланышкан укук жагындагы мамилелердин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү концессиялык келишим менен аныкталат. Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун укуктук жоболорунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун укуктук жобосунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун укуктук жобосунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

3. Ушул Мыйзамдан келип чыгуучу корпоративдик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жана аларга көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.

4. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондду, инвестициялык фондду түзүүнүн, камсыздандыруу иштерин жүзөгө ашыруучу акционердик коомдордун ишинин өзгөчөлүктөрү бул коомдордун иштерин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарга карама-каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.

5. Банктык ишти же айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу акционердик коомдорду түзүүнүн жана алардын иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.

(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2004-жылдын 9-декабрындагы № 189, 2007-жылдын 6-августундагы № 132, 2008-жылдын 23-майындагы № 95, 2016-жылдын 22-мартындагы № 25, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 185, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1188/st-2)
