Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ак-Суу райондук мамлекеттик турак жай-коммуналдык чарба» мамлекеттик ишканасын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 2-апрели № 179 «Ак-Суу райондук мамлекеттик турак жай-коммуналдык чарба» мамлекеттик ишканасын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (мындан ары – Теплоключенка айыл өкмөтү) «Ак-Суу райондук мамлекеттик турак жай-коммуналдык чарба» мамлекеттик ишканасын (мындан ары – Ак-Суу ТЖКЧ) белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
- Теплоключенка айыл өкмөтү менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Ак-Суу ТЖКЧнын негизги каражаттарын акысыз негизде Теплоключенка айыл өкмөтүнүн балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин жана кабыл алсын.
2. Теплоключенка айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр белгиленген тартипте сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Ак-Суу ТЖКЧны муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- аталган объектти андан ары максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
- өткөрүлүп жаткан Ак-Суу ТЖКЧны Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасына өзгөртүп түзүү;
- Ак-Суу ТЖКЧны мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана ишкананын негизги каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ж.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (2)
- Теплоключенка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 72 "Ак-Суу коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.11.2018 · № 72
- Теплоключенка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-июлундагы №49 "Ак-Суу райондук мамлекеттик турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик ишканасын Теплоключенка айыл өкмөтүнүн…Постановление · 27.09.2018 · № 49
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон