# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 245
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11875>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2113/edition/875332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11875.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11875

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-майы № 245 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүү жол-жоболорун өркүндөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибинде:

- 7-пунктунун биринчи абзацында:

"беш" деген сөз "жети" деген сөз менен алмаштырылсын; "мүчөлөрүнөн -" деген сөздөн кийин "өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын, метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдын адистеринен жана" деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пунктунун 3) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) билим деңгээлин тастыктаган документ.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
