Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 „Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-майы № 245 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүү жол-жоболорун өркүндөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибинде:
- 7-пунктунун биринчи абзацында:
"беш" деген сөз "жети" деген сөз менен алмаштырылсын; "мүчөлөрүнөн -" деген сөздөн кийин "өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын, метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдын адистеринен жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктунун 3) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) билим деңгээлин тастыктаган документ.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2013 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон