Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 29 июля 2026 года № 513 "Об утверждении Положения о фондах развития и материального обеспечения уполномоченных антимонопольных органов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-07-29.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 11-майы № 230 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобо";
- 1-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору (мындан ары - Фонддор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - монополияга каршы органдар) материалдык-техникалык базасын бекемдөө, иш үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана кызматкерлерин социалдык коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.";
- экинчи абзацындагы "жетекчиликке алат" деген сөздөр "жетекчиликке алышат" сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Фонд" жана "Мамагенттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "фонддор" жана "монополияга каршы органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун биринчи абзацындагы "Мамагенттиктин бюджеттик эсебинин түзүмүндө жаралган аккумуляциялык эсебинде" деген сөздөр "монополияга каршы органдардын бюджеттик эсептеринин түзүмүндө жаралган аккумуляциялык эсептеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын:
- 3-пунктунун он биринчи абзацындагы "Мамагенттиктин директорунун тиешелүү буйругунун" деген сөздөр "монополияга каршы органдардын директорлорунун тиешелүү буйруктарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун он үчүнчү абзацындагы "жумуш берүүчү менен Мамагенттиктин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү" деген сөздөр "жумуш берүүчүлөр менен монополияга каршы органдардын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5 жана 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Тиешелүү фонддун каражаттарын тескөөчү жана колдонууга жооптуу адам болуп монополияга каршы органдын директору эсептелет.
6. Монополияга каршы органдардын тиешелүү бухгалтердик эсеп жүргүзүүчү түзүмдүк бөлүмдөрү фонддун каражаттарын түзүүнү (түшүү), бөлүштүрүүнү эсепке алат, белгиленген тартипте бекитилүүчү сметалык багыттарга ылайык каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдойт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган каражаттар боюнча фонддордун тескөөчүлөрүнө отчет берет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Премьер-министри | | М. Абылгазиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 "Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө…Постановление · 29.07.2026 · № 513
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин өнүктүрүү жана…Постановление · 25.10.2017 · № 700 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 "Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө…Постановление · 29.07.2026 · № 513
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү…Закон · 30.06.2022 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин өнүктүрүү жана…Постановление · 25.10.2017 · № 700 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндөЗакон · 08.08.2011 · № 149