# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11861>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/11861/edition/871843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11861.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11861

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 592 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2018-жылдын 19-апрели № 212 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын

2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык

уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик

органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу

жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөгү" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 1-пунктунда:

"ж" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын; "с" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

" | Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы (макулдашуу боюнча) |

";

- 27-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 28-пунктунда:

"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 29 жана 30-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 114-122-пункттар менен толукталсын:

"

| 114 | БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУнун КЖКБ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
| --- | --- | --- |
| 115 | Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
| 116 | Эмгек эл аралык уюму (ЭЭУ) | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
| 117 | Энергетикалык хартия катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
| 118 | Жаңылануучу энергия булактары боюнча эл аралык агенттик | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
| 119 | Туруктуу арбитраждык сот (Бейтарап соттун туруктуу палатасы) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору |
| 120 | Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун эл аралык федерациясы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
| 121 | Аскердик спорттун эл аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) |
| 122 | Деңизге чыгуучу жолдору жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Эл аралык борбор | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |

";

2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

- 48-51-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 60-67-пункттар менен толукталсын:

"

| 60 | БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУнун КЖКБ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
| --- | --- | --- |
| 61 | Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
| 62 | Эмгек эл аралык уюму (ЭЭУ) | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
| 63 | Энергетикалык хартия катчылыгы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
| 64 | Жаңылануучу энергия булактары боюнча эл аралык агенттик | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
| 65 | Туруктуу арбитраждык сот (Бейтарап соттун туруктуу палатасы) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору |
| 66 | Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомунун эл аралык федерациясы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
| 67 | Аскердик спорттун эл аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) |

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Премьер-министр | | С.Ж.Исаков |
