27-статья. Соттук коргоо ордеринин шарттары
Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · IV Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63.
Соттук коргоо ордеринде төмөндөгүдөй расмий чаралар каралышы мүмкүн:
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга жана башка адамдарга каршы ар кандай зомбулук аракеттерди жасоого тыюу салуу;
- менчик ээси ким экенине карабастан, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга жашаган жеринен башка жерге кетүүнү сунуш кылуу;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашы жете элек балдарга жетимдүүлүгүн жөнгө салуу;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жабыр тартуучуга жумушта жана башка жерлерде тикеден-тике жана кыйыр түрдөгү байланыштарга барышына жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертүү;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга ок атуучу жана сот тарабынан аныкталган куралдын башка түрлөрүн сатып алууга жана пайдаланууга тыюу салуу;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын зомбулуктан жабыр тартуучунун дарыланууга, кеңеш алууга же социалдык мейманканада (сыйынт жайда) болушуна кеткен чыгымдарын төлөөгө милдети;
- ортолук мүлктү жекече пайдаланышына жана тескешине тыюу салуу;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга соттук коргоо ордердин шарттарын бузган учурда, ал администрациялык тартипте камакка алынылышы, болбосо жазык жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүндүгүн эскертүү;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга соттук коргоо ордеринин алынган-алынбагандыгына карабастан, ал жазык ишин козгоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу экендигин эскертүү;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга соттук коргоо ордеринин алынган-алынбагандыгына карабастан, ал сотко кайрылууга жана ажырашуу, мүлктү бөлүштүрүү, алимент алуу, зыяндын же башка компенсациялардын ордун толтуруу ишин козгоого укуктуу экендигин эскертүү.
Соттук коргоо ордеринде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбоо администрациялык жоопкерчиликке алып келет жана анын колдонулуш мөөнөтүн администрациялык камакка алуу учуруна токтотот.
Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1186/st-27" title="27-статья - Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>