# 26-статья. Соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө чечим чыгаруунун тартиби

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 26-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-26

---

Сот ички иштер органы тарабынан берилген материалдарды карап чыгып, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө чечим чыгарат жана анын колдонулуш мөөнөтүн жана соттук коргоо ордерин аткаруунун шарттарын аныктайт. Сот үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды соттук коргоо ордеринин шарттары жана аны аткарбоонун кесепеттери менен тааныштырат жана ага кол койдурат. Соттук коргоо ордеринин колдонулуш мөөнөтү сот тарабынан соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып эсептелет. Сот арыз берилген жана соттук коргоо ордерин алуу үчүн кайрылган учурдан тартып 10 күндүн ичинде угуу иштерин жүргүзөт. Сот тараптардын жеке турмушуна кол тийбестик укугун сактап калуу максатында угуу иштерин соттук жабык заседаниесинде жүргүзөт. Сот соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө чечимди үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу жашаган жериндеги ички иштер органына чечим берилген убакыттан тартып 24 сааттын ичинде жиберүүгө милдеттүү. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын соттук коргоо ордеринин шарттарын сакташына контролдук ички иштер органына жана соттук аткаруучуларга жүктөлөт. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучунун соттук коргоо ордери жөнүндө токтомдун чыгарылышы жаатындагы кыйды жана негизсиз сын-пикирлери соттук чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга сотко укук берет. Сотко даттануу менен кайрылганда соттук коргоо ордеринин мөөнөтү токтобойт.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-27)
