# 24-статья. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 24-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-24

---

Убактылуу коргоо ордеринин шарттарында төмөндөгүдөй расмий чаралар каралышы мүмкүн:

- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жабыр тартуучуга жана башка адамдарга каршы ар кандай зомбулук аракеттерди жасоого тыюу салуу;

- багуусунда болгон жашы жете элек балдарга зомбулук көрсөткөн адамдын аларга жетимдүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу;

- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды зомбулуктан жабыр тартуучу менен түздөн-түз жана кыйыр байланышта болууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертүү;

- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын зомбулуктан жабыр тартуучунун дарылануусунун наркын төлөп берүүгө милдети;

- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузган учурда ал адам администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы тууралу эскертүү;

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучунун убактылуу коргоо ордеринин алынган-алынбагандыгына карабастан сотко кайрылууга жана үй-бүлөдөгү зомбулук жасаган адамга каршы жазык ишин козгоого укуктуу экендиги жөнүндө эскертүү;

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуну убактылуу коргоо ордеринин алынган-алынбагандыгына жана жазык ишин козгоо жөнүндө арыз берген-бербегендигине карабастан, ал сотко кайрылууга жана никени бузуу, мүлктү бөлүү, алимент төлөтүү, зыяндын жана башка компенсациялардын ордун толтуруу жөнүндө иш козгоого укуктуу экендигин эскертүү;

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга үй-бүлөлүк зомбулук улантылганда андан коргоо максатында соттук коргоо ордерин алуу үчүн кошумча түрдө кайрылууга укуктуу экендигин эскертүү каралышы мүмкүн, мында убактылуу коргоо ордеринин күчү соттун коргоо ордери алынганда токтотула турат.

Убактылуу коргоо ордерин алган адамдын ордерде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбай коюшу администрациялык жоопкерчиликке алып келет жана анын колдонулуш мөөнөтүн токтотпойт.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-25)
