# 23-статья. Убактылуу коргоо ордери

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 23-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-23

---

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу же анын өкүлү үй-бүлө мүчөсүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден-тике коркунуч түзгөн жагдай орун алган учурда убактылуу коргоо ордерин алуу үчүн кайрылууга укуктуу. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулук жасалган жердеги ички иштер органынын кызмат органы тарабынан берилет жана үй-бүлөдөгү зомбулук жасалган, болбосо аны жасоонун белгилүү коркунучу туулган мезгилден, болбосо зомбулук көрсөтүү фактысы жөнүндө арыз берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде жол-жоболоштурулууга тийиш. Убактылуу коргоо ордерин берүү сотто даттанылышы мүмкүн жана арыз ошол замат, өзгөчө учурларда 3 суткага чейин каралууга тийиш. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулук жасалган адамга 15 күндүк мөөнөткө берилет. Убактылуу коргоо ордерин алган адам андагы көрсөтүлгөн бардык шарттарды аткарууга милдеттүү, андай болбосо көрсөтүлгөн адам колдонуудагы мыйзамдарга ылайык администрациялык жаза тартууга тийиш. Зомбулуктан жабыр тартуучунун каалоосу боюнча ага убактылуу коргоо ордеринин көчүрмөсү берилет. Үй-бүлөлүк зомбулугун жасаган адамдын убактылуу коргоо ордеринин шарттарын сактоосуна контролдук жүргүзүү ички иштер органдарына жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-24)
