# 20-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоодогу маалыматтын купуялуулугу

- Документ: [Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1186)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 63 "Об охране и защите от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111570)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1133/edition/798156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1186/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, 20-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-20

---

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга социалдык-укуктук жактан жардам көрсөтүүдө ден соолугунун абалы, жашоо шарты жаатындагы жана жеке сырына, болбосо жеке турмушуна таандык болгон башка бардык алынган маалымат мыйзам тарабынан корголот. Жекече мүнөздөгү маалыматтар жабыр тартуучунун өзүнүн макулдугу менен гана, болбосо жазык иши козголгондо, болбосо администрациялык жаза чарасы колдонулганда гана пайдаланышы мүмкүн. Кызмат абалынан улам зомбулук жасалган үй-бүлөдө же анын айрым мүчөлөрүнө карата жасалган зомбулук жөнүндө жашыруун маалымат социалдык-укуктук коргоонун жүрүшүндө өзүнө белгилүү болуп калган адамдар, мыйзамда каралгандан башка учурларда, мындай маалыматты жайылтууга укуксуз. Аталган маалыматтар элге таратылып кеткен учурда көрсөтүлгөн адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1186/st-21)
